24.kg
17:55, 21 октября 2019, 24.kg

Ошто милиция кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Ошто туристтик милициянын кызматкери кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына арыз 16-октябрда келип түшкөн.

«Шектелип жаткан тартип сакчысы кызматында 11 айдан бери иштеп келген. Ал түшүндүрмөсүндө арыз менен мурунку сүйлөшкөн кызы кайрылганын айтты. Кыз кызганычтан улам ушундай кадамга барган», -деп билдиришти редакцияга.

Ош ШИИББ учурда факт боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Учурда экспертиза дайындалды. Эгер факт аныкталса, анда милицияга тиешелүү юридикалык баа берилет», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18