24.kg
17:04, 21 октября 2019, 24.kg

Караколдуктар 600 метрлик жолдун салтанаттуу ачылганына нааразы

Бүгүн Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында Шапак Баатыр жолунун ачылышы болду. Иш-чарага шаардын мэри Адыл Каниметов баштаган аткаминерлер келишти.

Аларды улуттук кийим кийген кыздар колдоруна боорсок кармап тосуп алышты. 

Салынган жолдун узундугу 600 метрден бир аз жогору. Ал 12 миллион сомго курулду. Караколдун мэри кызыл лентаны кесип, салт болуп калгандай оптимисттик маанайдагы сөзүн сүйлөдү.

Ал эми шаардын айрым тургундары 600 метрлик жолдун ушундай шаң-шөөкөт менен ачылганына нааразы. Алар бул ишти ансыз деле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын милдети дешет. «Бул жөн гана оңдоо иштери болчу. Эмне үчүн жолдун ремонтунан кийин ага тиешеси жок кишилер тарабынан лента кесилип ачылышы керек? Караколдо ушундай арзан шоулар бар», -дешет шаар тургундары.

Эске салсак, буга чейин бийликтегилердин лента кесүү жөрөлгөсү катуу сынга кабылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18