24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
12:30, 23 октября 2019, 24.kg

«Ушундай болобу?», «Кантемин?», «Эмне кылайын?». Суроолуу ырлардын тизмеги

Кыргыз эстрада жылдыздарынын аткарган ырларынын темалары ар түрдүү. Анда заттын аты, сыны, саны, ал тургай суроолуу темалар коюлган.

24.kg агенттиги бул ирет суроолуу темалардан турган ырларды тизмектеди.

«Биз жүргөн айлуу түн кайда?

Биз үзгөн жыпар гүл кайда?

Көзүңдөн секет болоюн,

Көрүнүп койчу бир кайра». 2000-жылдардын башында көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган ЭЛЕС тобу «Кайдасың?» деп суроо салган ырды аткарып чыккан.

Photo 140451

Бул теманы улай, ырчы Гүлназ Чыныбек кызы дагы «Бишкек-Чүйдө жок, жок,
Ош-Баткенде жок, жок. Сени издедим, үмүттү үзбөдүм», — деп «Кайда?» аттуу чыгарманы былтыр созуп чыккан эле.

Ырчы Нурлан Насип «Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби?», — деп ашыгына болгон сезимдерин билдирип, «Эркелетсемби?» деп суроо берген.

Photo 140452

Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабековдун айрым ырларынын темалары да суроолуу сүйлөмдөн турат. Алардын бири «Ошондо жакшы болобу?».

Экинчиси «Жолуктуң неге?». Анда «Бир көрүп гана жан дүйнөмдү козгоп жолуктуң неге? Сүйдүрүп гана сезимдерди толгоп азгырдың беле?», -дейт ырчы.

Ырчы Назминин «Ойлойсуңбу?» аттуу чыгармасында

«Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу?
Билбедим, же байкабай жүрөсүңбү? Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?», — деген жери бар.

Ильяз Абдыразаков «Сүйүүмдө эмне күнөө?» деп собол узаткан.

«Жарыктык көрүнбөй көзүмө,
Суранам үмүтүмдү үзбө
Өчүрбө, жалынды өчүрбө
Сүйүүмдө эмне күнөө?» 

Photo 140453

Суроолуу ырларды аткаргандардын катарында ырчылар Фарида Өмүрзакованын «Неге минтип?», Ильгиз Абдалиевдин «Ушундай болобу?» Эрмек Маматовдун «Неге, неге?» Куралбек Чокоев менен Назминин «Бул ким?», Ильяз Абдыразаковдун «Ал күн кайда?» Урмат Усенов жана Нелянын «Барбы кереги?» Айпери Кубик кызынын «Эмне кыламын?», Болот Токтобаевдин «Кантемин?», Дайыр Исмадияровдун «Таарындың неге?», Болот Токтобаевдин «Кечигип келдиң неге?», Айбек Касымовдун «Муңдашым Мунар, кайдасың?» Съездбек Искеналиевдин «Тиктешесиңби?», Динара Тилекееванын «Жүрөгүң сенин таш беле?», Айтурган Эрмекованын «Ким билет?», Мурадил Данияровдун «Сулуулар кайдан жаралат?», «Айта албайсыңбы?», Гүланданын «Айымдарда эмне айып?» аттуу чыгармалары бар.

Жийдештин «Ким билет?» деп суроо салган ыры Түркияда өткөн «Түрквизион −2015» сынагында баш байгени жеңип алган.

«Каякта бийик адамдык,
Жарыкка неге жаралдык, ким билет?
Жалындап эми жашагын,
Жакшылык элге жасадың, күн билет?»

Photo 140455

Эмгек синирген артист Кайрат Примбердиев «Сен деги кандай немесиң? Сүйүүмдү качан сезесиң? Жалт карай өтсөм жаныңдан, Байкабай кете бересиң», -деп арманын айткан жайы бар.

Дайыр Исмадияров да ашык болгон кызына «Мен эле сүйөм, мен эле, Сен сүйбөйсүң мени эмнеге? Сен сүйсөң болбойбу?», -деп нааразы кептерин айтып обон созгон.

Ырчылар Куралбек Чокоев «Эмне кылайын?», Саниа «Издеп табамбы?», Нурмат Садыров «Ал күндөр кайда?», Динара Тилекеева «Шолоктоп неге ыйладың?», «Сүйүүнү кайдан сезмекмин?», Фарида Карбосова «Кантип танам?», Айганыш Абдиева менен Ильяз Андаш «Кимди сүйөсүң?», KG Эльмурат «Ким элек, ким болдук?», Гүлжигит Сатыбеков «Атамды качан табамын?» Акмарал Жоробаева «Кайдасың, кайбереним?», Айпери Кулбаева «Ойлодуң бекен мени сен?», «Кылчактап неге карадың?», Самара Каримова «Неге минтип жүрөмүн?», Шахра Талипова «Капырай, каламбы унутулуп?» аттуу ырлары менен суроолоруна жооп издешкен.

Photo 140454

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18