24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
13:00, 20 октября 2019, 24.kg

Самат Эркинбеков: Бир тасмада аял менен эркектин ролун аткара алдым

«Тамашоу» клубунун оюнчусу Самат Эркинбековду Кыргызстандагы «Баластан» каналынын көрүүчүлөрү — бөбөктөр жакшы тааныйт.

Каарманыбыз «До+Фа», «Доктор Айболот», «Мачо», «Пентхаус», «Чала спортик», «Бир мешок акча», «Жер Тоголок» жана башка тасмаларга тартылып, Доорон, Айболот, Алтынбаш деген атка конгон. Жакында өнөктөшү Кубаныч Курманбеков экөө тартылган «Жора Гуля» аттуу комедиядан кийин ал көрөрмандардын «Гуля эжесине» да айланды.

Photo 140241

Самат Эркинбеков 24.kg агенттигине айтып берди

— Жаңы тасманы Москвадагы мекендештерге тартуулап жүрөбүз деп калдыңыз, эл кандай кабыл алууда?

— Комедия жанрындагы «Жора Гуля» тасмасын көпчүлүк жакшы кабыл алып жатат. Чет өлкөдө жүргөн мекендештердин суранычы менен учурда Москвага келгенбиз. Көрүүчүлөрдүн саны арбын. Кыргыздар дүйнөнүн ар бир бурчунда бар дегенге дагы бир жолу ынандык. Себеби, чакыруулар туш-туштан түшүүдө. Орусиянын бир катар шаарларын, андан кийин Европаны кыдырып, Сеул шаарына да барабыз.

Кино учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы кинотеатрларда да коюлуп жатат.

— «Жора Гуля» чыныгы жашоодон алынганбы? Прототиптери барбы?

— Жора, Гуляга окшогондор чыныгы жашоодо абдан көп. Ал тургай биздин тасманы көргөнү келгендердин бирөө «биздин эжебиз менен жездебиздин ысымдары дагы Жора, Гуля. Жездебиз дагы мурутчан, тасмадагы каармандар биздин эже-жездебизге аябай окшош экен» дешти. Биз аларга сүрөттөрүн жибергиле деп сурандык. Чыныгы жашоодо андай адамдарды кездештирсек болот. Тасмада кыргыздын карапайым үй-бүлөсүнүн күнүмдүк турмуштагы окуялары камтылган. Анда ар бир эле көрүүчү Жора менен Гулядай мүнөздүү адамдарды өз туугандарынын арасынан кездештире алат деген ойдобуз. Тасмада социалдык көйгөй, юмор орун алган.

Photo 140246

— Аял кишинин ролун жаратууда кандай кыйынчылыктар болду? Мисалы, шиш така кийгенде ыңгайсыздык жаралдыбы?

— Буга чейин көп ролдо ойногом. Эң кыйыны Гулянын образын жаратуу болду. Гуля эжеге окшош аялдарды издеп, мимикаларын, жүрүм-турумун эстеп калып окшоштурганга аракет кылдым. Грим менен жүрүш кыйын экен. Аял киши бетине грим, макияж коюп жүргөндө, бети кандай ыңгайсыз болоорун жон терим менен сездим. Бут кийимдер чак келбей кысып, шиш така менен баса албай кыйналдым.

Тасмадагы өзгөчөлүк- жалгыз башым менен 2 кишинин ролун аткардым. Бир туруп грим менен Гулянын ролун ойноп, ал бүтөөрү менен удаа эле Тоханын ролун ойнодум. Өнөктөшүм Кубаныч экөөбүз 4 кишинин, аял менен эркектин ролун бирдей аткардык.

Гулянын кийимдерин ошол жаш куракка ылайыктап тандап сатып алганбыз.

Photo 140240

— Каражат жагы кандай болду? Канча чыгым короду?

— Тасма баш аягы 7 айда тартылып бүттү. Жалпы чыгымдар азырынча толугу менен так эсептелип бүтө элек, болжолдуу 70 миң долларга жетет. Азыркыга чейин суроо-талап бар. Тасманын камтыган мааниси күчтүү болгондуктан жана жарнаманын күчү менен өзүн өзү актады деп айта алам.

— Өз кесибиңиз — тиш техниги боюнча иштеп көргөнсүзбү?

-Тиш техниги боюнча болгону медициналык колледжди аяктагандан кийин 1 ай иштедим, кийин жолум башка экенин түшүндүм. Болочокто деле өз кесибимди улантпайм. Болбосо өзүм каалап тандаган болчумун. Раматылык ата-энемдин кесиптери медицина кызматкери болчу. Балким, ошондон улам тиш техниги болом деп тапшыргандырмын.

Студент кезде деле чыгармачылыкка жакын элем, ар кандай иш-чараларды дайыма мен алып барчумун.

Учурда тасма талаасына аралашып, тамашоудан чыккан балдар менен чогуу иштешип жүрөбүз. Тамашоу жеке эле менин эмес, бир канча балдардын чыгармачылыкка болгон тушоосун кести. Акыйладан баштап Гуляга чейин чоң эмгектер аткарылды. Тасмаларга тартылдым, алып баруучулукту аркаладым, 10 жыл аралыгында изденип аракет кылып ушул деңгээлге жеттик.

— Өзүңүзгө жаккан ролуңуз кайсыл?

— Ар бир ойногон ролум өзүмө жакын. Кандай роль тийсе ошого баш отум менен кирип, жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Ошондой каармандарды эл арасынан издеп, көрөрманга жеткирүүгө аракет кылам. Биз (чыгармачыл топ) ар бир жараткан тасмада өзүбүз режиссер болуп, сценарийин жазып тартылып жүрөбүз. Бири бирибизди колдоп, бир канча тасма тартылды, тажрыйба топтоп да алдык.

Photo 140245

— «Дык кын дыш» аттуу ыр тууралуу сурай кетпесек болбойт, ырга өзүңүз кандай баа бересиз?

— Бул тамашалуу жеңил ырлардын катарына кирет. Жаштардын оозуна жеңил алынсын, жаш балдарга дагы жаксын деген эске алуу менен жасаганбыз. Эми элдин баарына жагыш кыйын, ошентсе да көпчүлүк жакшы кабыл алды. Аз убакыттын ичинде 11 миллион көрүүчү көрүп, Кыргызстанда рекорд койду.

— Тойлордо тамадалык кылып каласыз, гонорарыңыз канча?

— Тойлорго суроо талап көп, бирок, акыркы жылы чыгармачылыкка бекем киришкенден бери тойдон алыстап кеттим. Себеби, тойдо күн сайын иштесең чыгармачылык токтоп калат экен. Гонорарым ар кандай, сүйлөшүүлөргө жараша, кээде бекер алып барам.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18