24.kg
17:18, 18 октября 2019, 24.kg

Салык кызматынын 37 кызматкери жазаланды

Салык кызматы ушул жылдын 9 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 37 кызматкерин жазалады.

Жалпысынан ушул мезгилде Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 130 кайрылуу жана даттануулар келип түшкөн.

Алардын ичинен жазуу жүзүндө — 50 билдирүү, электрондук почта боюнча — 36, «ишеним телефонуна» — 41 жана ММК аркылуу — 3.

Келип түшкөн арыздардын 103ү — салык органдарынын кызматкерлеринин укукка сыйбаган аракеттерине тийиштүү болсо, 27си — ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы жөнүндө маалыматта болгон.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер жазанын ар кандай түрлөрүн алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулса, 8ине — катуу сөгүш, 11ине— сөгүш, 8ине — эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18