24.kg
14:30, 18 октября 2019, 24.kg

«Апрель ТВ» укук коргоо уюмдарына жардам сурап кайрылды

«Апрель» телеканалынын жамааты билдирүү таратып, тиешелүү мекемелер аларды мыйзамсыз түрдө эфирге чыгарбай жатканы жөнүндө даттанды.

Канал медиа-коомчулукка жана укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамдык каражаттарды колдонуу менен өз алдынча жана оппозициялык телеканалдардын эфирге эркин чыгышына көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

«Апрелдин» жамааты аларда эфирге чыгууга укук берген тиешелүү күбөлүктөр, лицензиялар бар экенин жана алар күчүн жоготпогонун, ага карабай телеканалды эфирге чыгарчу «Санариптик технологиялар» («Цифровые технологии») жоопкерчилиги чектелген коому алардан баш тартканын белгилейт.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген.

Каналдын юристтери «Апрелдин» мүлкүн камакка коюуну мыйзамсыз деп таануу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган эмес. «Апрель» каналы интернет-телеканал катары сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу иштеп келе жаткан.

«Апрель» телеканалы бир нече оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18