24.kg
12:21, 18 октября 2019, 24.kg

Сооронбай Жээбеков: Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышып жатканда билдирди.

Айтымында, электр энергиясы — калктын социалдык шарттарын жакшыртуунун жана экономиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп калды. «Энергетика тармагы мамлекеттин Ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат. Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ», -деди ал.

Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 миллиард килоВатт саатты түзөт, бул муктаждык жыл сайын өсүп жатат.

 «Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет. Биз калкыбыздын электр энергиясына болгон муктаждыктарын жана экономиканын керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетиштүү көлөмдөгү энергияны туруктуу чыгаруубуз зарыл», -деп кошумчалады президент.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18