24.kg
11:15, 18 октября 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары күнөөнү моюндарына алышпайт

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары— Кыяс Смалиев жана Амантур Жамгырчиев күнөөнү моюндарына алышпайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, алар көрсөтмө берип жатышат, бирок эч кимге каршы эмес. «Тергөө менен иштешүүгө макул болушкан жок. Алга Кылычев тууралуу айтсам, ал айып төлөшү мүмкүн. Анткени ал тергөө менен иштешүүгө макулдугун берди», -дейт Замир Жоошев.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18