24.kg
09:54, 18 октября 2019, 24.kg

Москвада полиция Кыргызстандын 2 жаранын мыйзамсыз кармап кое бербей жатат

Москвада полиция Кыргызстандын 2 жаранын мыйзамсыз кармады. Бул тууралуу КР Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кыргызстандык 24 жаштагы Нуриз Жээналиев менен 26 жаштагы Акжол Урамчин уулун 16-октябрда «Новокосино» ички иштер министрлигинин бөлүмүнө алып келишкен. Алар азыр деле аталган жайда кармалууда.

«Кармалгандарга жактоочу жана котормочу таап беришкен эмес. Материалдар менен тааныштырышкан эмес. Мындан сырткары жарандарды кармоо фактысы тууралуу Кыргызстандын элчилигине билдиришкен жок», -деп билдиришти акыйкатчынын басма сөз кызматынан.

Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын акыйкатчысына кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо боюнча жардам берүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18