24.kg
09:03, 18 октября 2019, 24.kg

Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 жаран терроризмге шектелүүдө

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сириядан кайтарылган 14 жарандын ишин тергеп бүткөнүн билдирди. Алар терроризмге байланыштуу шектелүүдө.

Тергөөчүлөр шектүүлөр Сирияда жүргөн кезде «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун бир бөлүгүндө кызмат өтөшчү деп эсептешет. Комитет 17-октябрда жасаган билдирүүдө аларга террордук ишмердикке катышуу, адамдарды жалдоо жана терроризмди пропагандалоо, «башка дагы оор кылмыштар» боюнча айып коюлганы айтылат. Алардын жынысы, аты-жөнү же жаш курагы аталган жок. Иш сотко өткөрүлүп берилди.

Комитет белгилегендей, буга чейин Сириядан кайтып келген дагы 10 эркек жана беш аял Казакстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун ишмердигине катышуу фактысы боюнча түрмөгө кесилген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети"Жусан" операциясынын алкагында Сириядан 595 казак жараны, анын ичинде 400 бала алынып келгенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18