24.kg
15:15, 17 октября 2019, 24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 256 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 256 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын ичинен 192си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 101и ооруканага жаткырылган, алардын 92си жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 75 адам кайрылса, 40 ооруканага жаткырылып, 35 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 40 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», -деп билдиришти министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18