24.kg
13:54, 17 октября 2019, 24.kg

Оштун тургуну 5 айлык наристесин мейманкананын кире беришине таштап кеткен

Ошто бир аял 5 айлык наристесин мейманкананын кире беришине таштап кеткен. Ал мындай кадамга чогуу жашаган кишисин коркутуу үчүн барган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ташталган ымыркай тууралуу маалымат 15-октябрда түнкү саат 11лер чамасында келип түшкөн.

«Наристе ушул жылдын майында төрөлгөнү аныкталды. Анын апасы- Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну, ал эми атасы 25те. Аял эркек баланы жарандык никеден төрөгөндүгүн билдирди. Ал эми анын жарандык никедеги жолдошу баладан баш тарткан. Аны коркутуп коюу үчүн аял баласын мейманкананын кире беришине таштап койгон. Өзү 30-40 метр аралыктан байкоо салып турган. Качан гана тез жардам унаасы келгенде ал чуркап барып, наристе аныкы экенин айткан», -деп билдиришти ШИИББдан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18