24.kg
11:51, 17 октября 2019, 24.kg

Жылуулук мезгили. Бишкектеги айрым мектептер жана бала бакчалар кышка даяр эмес

Жылуулук системасынын ремонту айрым билим берүүчү мекемелерде толугу менен аяктай элек. Бул тууралуу турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, унаа, байланыш жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда маалым болду.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, кеп бул жылкы капиталдык ремонттордун титулдук тизмесие кирбей калган объекттер тууралуу болуп жатат.

«Айрым объекттер боюнча ЖЭБден буйрук алдык, мындан улам бөлүнгөн каражатка кошумча арыз бергенге туура келди», -деди ал.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Өмүрзаков баардык ишти жылуулук мезгили башталганга чейин бүтүрүүгө жетише тургандыгын айтты.

Депутат Сайдахмат Исмаилов келечекте жылуулук мезгилине социалдык объекттерди даярдоо маселесин август же сентябрда кароону сунуш кылды. «Октябрдын жарымына келдик. Ал эми айрым объекттер боюнча тендер жүргүзүлө элек. Эгер эртең кар жаап, суук түшсөчү? », -деп нааразы болду ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18