24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
11:20, 17 октября 2019, 24.kg

«Шүмшүк», «Хейтер», «Дадага». Өзгөчө аталыштагы ырлар

Кыргыз эстрада жылдыздары аткарган ырлар ар кыл тематиканы камтыйт. Анда ырдалып бүтпөгөн махабаттан тарта мекенге, жаратылышка, бала-бакырага болгон сүйүүлөр даңазаланып келет.

24.kg агенттиги бул жолу аталыштары өзгөчө болгон чыгармаларга токтолду.

Ырчы Лутфилла Бусурманкул уулунун «Шүмшүк» ыры сап башында турат. Анын бул тамашалуу чыгармасы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ырчынын айтымында, ырга суроо-талап күч.

Photo 139878

«Шүмшүк деген адабий тилде кеңири колдонулуп келген эле сөз. Бул жаман адамдарга карата айтылбайт, тың, ар кандай кырдаалдан оңой чыгып кеткен акылдуу кишилерди шүмшүк деп коюшат экен. Бул тамашалуу ыр болгондуктан ошондой атадык. Негизи кыздардын түрү болот да, жоош, тыпылдак, ак көңүл, ишенчээк, «шүмшүк» жана башка. Мында кыздарга карата жакшы мааниде, жакшы ой менен эле айтылган. Ырга суроо-талаптар бар, айрыкча той-топурларда көп жаңырат. Шаңдуу жана тамашалуу болгон үчүн, көңүл ачканга, бийлегенге ылайыктуу», -дейт ырчы.

Кийинки катарды Добрдын «Хейтер» чыгармасы толуктайт. Рэп жанрындагы чыгарманы Тайбас аттуу кесиптеши менен аткарып жүрөт. Анда бетиңе келип күлүп сүйлөп, бирок ары барып жамандаган кишилер тууралуу кеп болот. Рэпер андай эки жүздүү адамдарды башка чапса да жараша турганын айтат. 

Photo 139881

Ырчы Куралбек Чокоевдин аткаруусундагы «Сигарет эмес» чыгармасынын аталышы өзгөчө. Сөзү, обону Максат Кулуевге таандык ырды Данияр Жаныбеков экөө аткарып жүрөт. Алар кыздарды кызыл гүлгө салыштырып, «кыз деген бир соруп таштап салгыдай сигарет эмес» деп обон созушууда.

Photo 139880

Тамашоучу Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбековдун «Дык кын дыш» аттуу тамашалуу ыры жеңил ырлардын катарына кирет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Самат Эркинбеков билдирди. «Жаштардын оозуна жеңил алынсын, жаш балдарга дагы жаксын деген эске алуу менен жасаганбыз. Эми элдин баарына жагыш кыйын, ошентсе да көпчүлүк жакшы кабыл алды. Аз убакыттын ичинде 11 миллион көрүүчү көрүп, Кыргызстанда рекорд койду», -дейт ал.

Photo 139876

МУЗАМАН тобунун «Дадага» деген ыры да өзгөчө аталышта. Ыр белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкуловго таандык. Анда «Мен сүйөмүн, деле сен сүйбөйсүң, да, да, о дадагаң болуп эле кетейин», -деп жакшы көргөн кызын эркелеткени бар.

Photo 139879

Жаныбек Алыкуловго таандык дагы бир өзгөчө аталыштагы «Токол алам» ырын «Жоролор» тобу аткарып жүрөт. Алар «Чон казатты баштаймын, кыргызды 7 миллионго жеткизем, экинчиге ким макул болсо эртең токол аламын», -деп тамашалуу чыгарманы элге тартуулап келет.

Легендарлуу БИЗ тобунун «Муйдусунан» аттуу ырынын аталышы бир тайлык. Чыгармада жаш балдарды эркелетип, муйдусунан өөп койгон жери бар.

Photo 139877

Ырчы Чолпонай турмушка чыккандан бери сахнадан алыстап кетти. Анын аталышы бир башкача «Эквалайзер» ырын учурунда жаштар жактырып угушчу.

Ырчы Мирлан Баековдун «Сексен экилер» ыры да өзгөчө аталышта. Бул ошол жылы туулгандарга арналган. «Мектепте жолугушуу болот, 82-жылкылар келип калгыла», -деп чакырат ал классташтарын.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18