24.kg
09:12, 17 октября 2019, 24.kg

УКМК: Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. 

Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. «Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», -деди ал.

Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18