24.kg
10:00, 17 октября 2019, 24.kg

Мекендештер. Түркиянын борборундагы «Ала-Тоо»

Photo 139802

Түркияда жашап, манты, самсы, бешбарбакты сагынган кыргыздар Анкаранын Кызылайда районундагы «Ала-Тоо» кафесинен даам сыза алышат. Курсак кусалыгынан сырткары, мекендештер кыргыз тилинде чер жазып сүйлөшүп алса болот. Айрыкча жекшемби күндөрү Анкарада иштеген кыргызстандыктардын көпчүлүгү топтолушуп, бош орун калбайт.

24.kg агенттиги «Ала-Тоо» кафесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Элдар Орозалиев менен Түркиядагы ишкердик, мигранттардын абалы тууралуу кеп курдук.

— Кафеде кыргыздар үчүн башка да кызматтар көрсөтүлөт экен...

— Ооба, кафеде бир гана тамактанып, маектешип отурбастан, эгер муктаждыгыңыз болсо учак билети сатып алып, акча которуп, же Кыргызстанга жүк жөнөтө турган болсоңуз жардамдаша алабыз.

— Анкарадагы кыргыз мигранттары саны жыл санап көбөйүүдө. Кардарлар дагы көбөйүп жатабы?

— Менин Түркияга келгениме быйыл 11 жыл болот. Мен келген жылдары бул жакта иштеген кыргыздар өтө аз эле, келгендердин басымдуу бөлүгү студенттер болчу. Миграннтардын агымы Орусия «кара тизмеге» киргизип баштаганда жана Бишкек-Стамбул каттамдары ачылгандан баштап бир топ көбөйдү. Арасында 17-18 жаштагы кыздардын жалгыз келип иштеп жүргөндөрү да бар.

Photo 139803

Негизи илимдүү-билимдүү кыргыздардын көбүрөөк болуусун каалайт элем. Анткени Анкарада мамлекеттик иштерде, компанияда иштеген кыргыздар аз. Келген мигранттардын көбү үй жумуштарын аткарышат.  — Түркияда бизнес ачууда кыйынчылыктар жокпу?

— Кафени 2018-жылы өнөктөшүм менен ачканмын. Эс алуу күнү Кызылайда жүрүп кыргыздардын топ-тобу менен ар кайсы жерде чогулуп тургандарын көрүп таң калдым. Мекендештердин баарлашуусу үчүн атайын бир жер керектигин байкап, кафе ачмай болдум. Имараттагы батир ээлери башка шаарларда жана чет өлкөлөрдө жашагандыктан, почта , интернет аркылуу аркылуу сүйлөштүм.

Мурда бул залда интернет дүкөнү болгондуктан , залдын ремонту, жасалгасы жаңыдан жасалып, бир топ убакытты жана каражатты талап кылды. Айтмакчы, кафеге тапчан коеюн дегенмин, бирок, түрктөрдө аны жасаган уста жок экен.

Эми кафени кеңейтип, Анкаранын Кечөрен районунда жана Стамбулда дагы ачсакпы деп турабыз.

— Түркия качан, кантип келип калдыңыз эле?

— Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктаганмын. Туркияга биринчи жолу 2006-жылы 3-курсту бүтүргөндөн кийин университеттин жолдомосу менен бир айлык практикага келгенмин. Андан соң Туркиянын TCS (Türk Cumhuriyetleri ve Akraba Toplulukları sınavı) сынагын тапшырып, стипендия менен Анкарадагы Гази университетинде магистратураны окудум.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18