24.kg
16:48, 16 октября 2019, 24.kg

Нуржан Шайлдабекова кийинки жылкы шайлоого даярдыктар тууралуу айтып берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 139795

Анда өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдардагы Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү маселелери талкууланды.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

Ал 2020-жылдагы шайлоолорго даярдыктар боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү убакытты талап кыларын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи.

Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18