24.kg
09:46, 16 октября 2019, 24.kg

Беш миңден ашуун кыргызстандык акысыз кесиптик билим алышты

Беш миңден ашуун кыргызстандык акысыз кесиптик билим алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыска мөөнөттүү окутуу курстары (4,5 ай) Кыргызстандын бардык аймактарындагы кесиптик лицейдин базасында уюштурулган. 

Жарандар тоо-кен, туризм, транспорт, энергетика, байланыш, айыл-чарба, балык уулоо, информациялык технология, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы тармагы боюнча билим алышты.

«Жыл башынан бери жалпы 5 миң 220 адам кыска мөөнөттүү окутуудан өттү. Алардын дээрлик 45 пайызы аялдар жана кыз-келиндер. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны — 300», -деп айтылат маалыматта.

Окутуудан өткөн адамдардын 74 пайызы жумуш менен камсыз болушту.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18