24.kg
09:42, 16 октября 2019, 24.kg

Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Photo 139695

Маалыматка ылайык, Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышты. Анда Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын «Сема» лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңиш алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.

«Келечек», «Газпром», «Сапаттын» жана Бишкектеги № 61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.

Эске салсак, геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6 миң 200 окуучу катышкан. Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18