24.kg
09:21, 16 октября 2019, 24.kg

Массалык мушташ. Пакистандын 2 жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Массалык мушташка катышкан Пакистандын 19 жаштагы 2 жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Окуядан кийин Октябрь РИИБга Эл аралык медициналык университеттин өкүлү арыз менен кайрылган. Ал мушташ маалында окуу жайдын мүлкүн талкалагандарга карата чара көрүүнү суранган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды», -деп билдиришти РИИБдан.

Эске салсак, Эл аралык медициналык университетинде студенттердин массалык мушташы болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18