24.kg
09:04, 16 октября 2019, 24.kg

Түркмөнстанда сарык оорусу күч алды

Түркмөнстанда август айынан бери эл арасында сарык оорусу күч алды. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, илдет Дашогуз, Лебап, Ахал облустарында жайылууда.

«Дашогуз облусунда гепатиттин А түрү менен өспүрүмдөр менен жаш балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында аз. Акыркы жолу мындай көрсөткүч үч жыл мурун катталган», — деди редакциянын кабарчысы.

Атын атагысы келбеген медицина кызматкеринин биринин айтымында, сарыктан өлгөндөр да бар. Бирок эпидемия тууралуу сөз кылууга бийлик тыюу салган.

Бул арада сарык оорусу катталган мектеп, бала бакчалар дезинфекцияланбай жатканы айтылууда. Окуучулар үчүн гепатиттин Б түрүнө каршы эмдөө эки жыл мурун жүргөн.

Медицина кызматкерлери эл арасында оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүнө кабатыр. Өлкө бийлиги жана мамлекеттик басылмалар бул боюнча үн ката элек.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18