24.kg
16:36, 15 октября 2019, 24.kg

Ошто 2 өспүрүм мушташа кетишкен. ИИМ текшерүү жүргүзүүдө

13-октябрда Ошто 2 өспүрүм мушташа кетишкен. Алардын видеосу соцтармактарга тарады.

Автордун айтымында, окуя Ош районунда болгон. Сыртка орнотулган камерага 2 баланын мушташып жатканы тартылып калган. 

Видеодо балдардын бири экинчисин ийинден арта кулатып, бет жакка урганын көрүүгө болот. Андан кийин чоң киши келип, балдарды ажыратууга аракет жасаган. Экинчи өспүрүм алган жаракатынан улам кыймылсыз жатканын көрүүгө болот.

Ош ШИИББ бул факты боюнча арыз менен эч ким кайрылбагандыгын айтты. Бирок, ИИМ текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18