24.kg
15:16, 15 октября 2019, 24.kg

Батукаевдин иши. Алдын ала угуулар Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтөт

Бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтөт. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди. 

Анын айтымында, отурумдун жүрүшүндө сот УКМКнын тергөө абагынын башчысынын даярдаган билдирүүсүн укту. Анда Алмазбек Атамбаевдин алдын ала угууларга катышпаганга макулдугу жазылган. Ушунун негизинде сот ишти мурунку президенттин катыштыгы жок эле кароону чечти.

«Мындан тышкары сот тараптардан маалыматты таратпоо тууралуу талап кылды, бирок коргоочу тарап каршы чыкты. Анткени бул маселе Жазык-процессуалдык кодексте жөнгө салынган эмес», -дейт жактоочу.

Биринчи май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар уланууда. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18