24.kg
14:49, 15 октября 2019, 24.kg

Ахматбек Келдибеков: Сооронбай Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды

Сооронбай Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков «Азаттык» радиосундагы түз эфирде билдирди.

Ал президент бир партиянын өкүлдөрүн гана колдоого албай, тегиз мамиле кылганын билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков башынан эле КСДПнан көрсөтүлгөнүн белгилей, ал партиянын кадрларын гана колдоого алган жок. Ал журт атасы экенин көрсөтө алды. Позиция, оппозиция, куугунтуктоо Атамбаевдин кезинде калды. Ал мурдакы премьер-министрлерди, спикерлерди, генералдарды бириктире алды. Бул чоң жетишкендик», — дейт ал.

Ахматбек Келдибеков Атамбаевдин алты жылында эч кандай реформа жүрбөгөнүн, акыркы эки жылда өнүгүүгө бел байланганын белгиледи.

«Мага жумуш сунушталган жок. Өзүм да сурабайм. Азыр бизнести өнүктүрүп, мал, курулуш жана теплица жаатында иштеп жатам», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18