24.kg
11:14, 15 октября 2019, 24.kg

Керебет талашкан. Чет элдик студенттер арасындагы жаңжалдын себеби маалым болду

Эл аралык медициналык университетте окуган чет элдик студенттер арасындагы жаңжалдын себеби маалым болду. Кечээ урушкан Пакистандык жарандар жатаканадан керебет талаша кетишкен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖОЖдон билдиришти.

«Окуянын күнөөкөрлөрүнө административдик чара көрүлөт. Урушка 30га жакын киши катышкан. Жатаканада 2 кабаттуу керебеттер бар, студенттердин бири астынкы кабатында жатууну каалаган эмес. Мындан улам уруш чыгып кеткен», -деп түшүндүрүштү окуу жайдан.

Эске салсак, Эл аралык медициналык университетинде студенттердин массалык мушташы болгон. Октябрь РИИБ бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18