24.kg
08:57, 15 октября 2019, 24.kg

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Кыргызстанга келет

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен жолугушканда маалым болду.

Photo 139579

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Ильхам Алиев Кыргызстан Азербайжанга боордош өлкө, дос жана өнөктөш экенин өзгөчө баса белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар жылдан жылга бекемдей берерине ишенимин билдирди. Ал төрагалык кылууну кабыл алып жатып, кийинки жылы Уюмдун ортосундагы өлкөлөрдүн шериктештиги жана өз ара колдоосун бекемдөө жана кызматташтыктын реалдуу мазмунунун толтурулушуна бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Кесиптеши чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18