24.kg
08:47, 15 октября 2019, 24.kg

Тажикстанда окуучу кызды өпкөн лицей мугалими 17,5 жылга соттолду

Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиевди 17,5 жылга эркинен ажыратты. Сот аны 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп тапты.

Алиевдин туугандары бул айып негизсиз экенин, ал шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун кубанып чын пейилинен өөп койгону үчүн жазага тартылып жатканын билдиришүүдө.

14-октябрдагы сотто бул иште жабырлануучу катары эрезеге жете элек кыз өтүп жаткандыктан, маалымат каражаттарына иштин чоо-жайы айтылбай турганы белгиленди.

Соттолгон мугалимдин балдарынын айтымында, атасы тергөө маалындагы ур-токмоктон улам күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18