24.kg
14:43, 14 октября 2019, 24.kg

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Фергана облустук башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз жаранына Курандын уникалдуу нускасын 150 миң долларга сатууга аракет жасаган кишини кармады.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, шектүү катары 49 жаштагы бухаралык Фаррух Шарапов кармалган. Ага китепти сатууга кокондук таанышы жардам берген. Аларман Кыргызстандан табылган.

Макулдашуу боюнча 150 миң долларды алгандан кийин Фаррух Шарапов Куран китебин Кыргызстанга жеткирип бериши керек болгон.

Өзбекстан Маданият министрлигинин экспертизасына ылайык, Курандын тексттери XVI кылымда жазылган жана каллиграф Мулла Юсуф Саххоф тарабынан китеп формасына келтирилген. XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Куран оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Дээрлик беш кылымдык тарыхы бар, барактары алтындын буусуна кармалган китеп-кол жазуу Самарканд каллиграфиясынын стилинде жазылган. Анын наркы 1,8 миллиард сум (150 миң доллар) турат.

Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Тарыхый, илимий, көркөм баалуулугунан улам бул уникалдуу чыгарма Өзбекстандын аймагынан чыгарууга тыюу салынган китептердин катарына кирет. Тарыхый реликвия Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18