24.kg
12:21, 14 октября 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди камакта калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Жактоочу Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«№ 1 тергөө абагына камалгандан бери Амантур Жамгырчиевге карата бир дагы тергөө аракеттери көрүлгөн эмес. Ага кылмыш кылган деп айып тагылса, анда аны камакта калтыруу негиздүү болмок. Бирок, аны эч ким айыптаган жок», -дейт жактоочу.

Эске салсак, мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго, Алга Кылычевге, Кыяз Смаиловго, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18