24.kg
10:15, 14 октября 2019, 24.kg

Өзбекстанда нан кымбаттайт

Өзбекстанда нан кымбаттап, бир бөлкө 1500 сум (16 цент) болот. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы маалымдагандай, буга буудайдын жана ундун баасы либералдашканы себеп болууда.

Ага ылайык, бир килограмм ун 1400 сумдан (15 цент) 2000-2500 сумга (21-26 цент) чейин кымбатташы ыктымал.

Буга байланыштуу аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү компенсациянын өлчөмү жогорулап, айына 50 миң сумга жетет (5,3 доллар). Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда жөлөкпул алчулардын жалпы саны 1,6 миллион адам.

Акыркы жолу Өзбекстанда нан бир жыл мурда кымбаттаган. Ага чейин көптөгөн жылдар бою бир бөлкө нан 600-650 сум болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18