24.kg
14:25, 11 октября 2019, 24.kg

Өкмөт аппаратына 9 айда 776 оозеки кайрылуу келип түштү

Өкмөттүн аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары секторуна 9 айда 3 миң 329 жазуу түрүндө жана 776 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин аппаратынан — 511, Жогорку Кеңештен— 579, премьер-министрдин коомдук кабылдамасына жеке кабыл алууга жарандардан жазуу түрүндө берилген кайрылуулар — 454, www.kattar.kg электрондук порталы аркылуу келип түшкөн кайрылуулар — 433, башка байланыш каражаттары аркылуу келип түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельдбайланыш, курьердик жеткирүү)— 1352 кайрылуу келген.

Ошондой эле республиканын бардык аймактарынындагы жарандардан, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жашоочулардан кайрылуулар келүүдө. Арыздар, даттануулар жана сунуштар төмөнкү аймактардан көп келди:

— Бишкек шаары — 1 миң 233 (37 %);

— Чүй облусу — 587 (17,6 %);

— Жалал-Абад облусу — 413 (12,4 %);

— Ысык-Көл облусу — 257 (7,7 %);

— Ош облусу — 219 (6,6 %);

— Баткен облусу — 184 (5,6 %);

— Нарын облусу — 183 (5,5 %);

— Ош шаары — 143 (4,3 %);

— Талас облусу — 90 (2,7 %);

— КМШ өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөрдөн — 20 (0,6 %).

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18