24.kg
11:57, 11 октября 2019, 24.kg

Өкмөт башчы: Туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт туризмди экономиканын толук кандуу тармагына айлантууга багыт алганын белгиледи.

«Бул тапшырманы аткаруу үчүн масштабдуу жумуштарды уюштуруу жана уникалдуу продукт сунуш кылуу керек, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүдө креативдүү жана стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуу абзел. Ошол эле учурда муну менен биздин жарандардын аң сезимин өзгөртүү керек. Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт. Силер бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатасыңар. Бул жергиликтүү өз алдынча органдардын дагы, калктын дагы, бизнестин дагы кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет», -деди ал.

Айтымында, ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок.

«Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, локациясы жана көлөмү кандай болуш керек деген айкын түшүнүк да жок. Ошол эле учурда жылдан-жылга туристтердин, туризм объектилеринин саны көбөйүүдө. Системалуу иш болбой жатканы айкын. Мындай жагдайда натыйжалуу бизнес-моделдери киргизүү менен дагы өлкөнүн туристтик кудуретин толук кандуу колдонгонго мүмкүнчүлүк болбойт», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жалган, эскилиги жеткен, талап кылынбаган иш-чаралардын ордуна, өкмөт башчы таасир бере турган кадамдарга күч жумшоого жана жакынкы арада туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоо үчүн ачык аянтча уюштурууга басым жасоону сунуш кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18