24.kg
10:23, 11 октября 2019, 24.kg

«Үмүт» кино форуму Сүймөнкул Чокморовдун юбилейине арналат

Кыргызстанда 6-8-ноябрь күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн жаштары катышкан эл аралык VII «Үмүт» кино форуму өтөт. Бул жылы уюштуруучулар СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арноодо. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жаш киночулардын «Үмүт» кино форуму ар жылы жаңы режиссёр ысымдарды, КМШ өлкөлөр арасындагы кино жана маданият тармагындагы диалог аркылуу таланттуу жаштарды колдоп, аларга шарт түзүүгө жана жаш муундарды маданий аралык алака аркылуу бириктирүү багыт алат.

Форумдун программасында кыска метраждуу, жана даректүү фильмдер, талкуулар, масстер- класстар жана белгилүү кинорежиссёрлор жана сынчылар менен жолугушуулар бар. Салт катары, улуттук сыйлыктын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн, калыстар тобуна мүчөлүккө чет элдик белгилүү кинематографисттер да чакырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18