24.kg
08:53, 11 октября 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШ мамлекеттеринин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

Кыргыз делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, президенттин аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрмек Ибраимов бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18