24.kg
13:46, 10 октября 2019, 24.kg

Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өтөт

12-октябрда мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган ЖМКөкүлдөрү ортосунда футбол боюнча ынтымак турнири өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке Султан Жумагулов өзү иштеп кеткен бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баштаган командалар катышат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппараты менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигин аппаратынын командалары күч сынашат.

Турнир Футбол федерациясынын оюн талаасында саат 08:30да башталат.

Эскерте кетсек, Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, Азаттык эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылы Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18