24.kg
11:27, 10 октября 2019, 24.kg

Бишкекте чогуу жашаган аялды өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте чогуу жашаган аялды өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Ал буга чейин издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июлунда Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери «Ак-Жар» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен 48 жаштагы А.Т.нын сөөгүн табышкан. Ал зордолуп өлтүрүлгөн.

9-октябрда окуяга шектүү делген 43 жаштагы Б.У. кармалды. Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон жаран менен шектүүнүн ортосунда уруш чыккан. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18