24.kg
09:51, 10 октября 2019, 24.kg

«Коопсуз шаар». Бишкектин дагы 44 кесилишине камера орнотулат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этапын ишке ашыруунун алкагында Бишкектин дагы 44 кесилишине камера орнотулат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 306 жай аппараттык-программалык комплекс менен камтылмакчы. Анын 266сы стационардык, 40ы көчмө түрдө болот.

Бишкекте камералар Ибраимова-Фрунзе, Шопоков-Жумабек, Москва-Тоголок Молдо, Киев-Ибраимов, Киев-Абдрахманов, Жибек Жолу-Ибраимов жана башка кесилиштерге орнотулат.

Мындан тышкары камералар Ош — Баткен — Исфана, Суусамыр — Талас — Тараз, Ош — Сарыташ — Иркештам, Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчи — Чолпон-Ата —Каракол унаа жолдоруна орнотулмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18