24.kg
15:54, 09 октября 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков 6 өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Япония, Гана, Испания Королдугу, Молдова, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Президент дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18