24.kg
12:20, 09 октября 2019, 24.kg

Мурун соттолгон жарандар арасында жаңжал чыгып, бирөөсүн өлтүрүп салышты

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда зордолуп өлтүрүлгөн белгилери менен кишинин денеси табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр кармалды.

Каза болгон кишинин өздүгү такталды, ал Бишкектин буга чейин соттолуп чыккан 28 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ошондой эле, анын өлүмүнө шектелип жаткандардын өздүгү такталды. Алар Чүй облусунун буга чейин соттолуп чыккан 27 жана 30 жаштагы тургундары болуп чыкты.

Маалыматка ылайык, 3 жаран буга чейин түзөтүү мекемесинде чогуу жаза өтөшкөн. 3-октябрда алар чогулуп, спирт ичимдигин ичишкен. Араларында пикир келишпестик жаралып, мушташкан. Бирөө алган жаракатынан улам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18