24.kg
09:30, 09 октября 2019, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү

Ош-Анжиян автобустук каттамы ачылгандан бери кыргыз-өзбек «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган чек ара бекетинен 18 миңге чукул киши өтүп жатат. Ал эми дем алыш күндөрү чек арадан өткөндөрдүн саны 24 миңге чамалайт.

Кишилердин саны көбөйгөнүнөн улам чек арада паспорт текшерген 11 кабина иштей баштады. Алардын үчөө Ош-Анжиян жана Анжиян-Ош каттамындагы автобуста бараткандарды тейлейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18