24.kg
11:58, 08 октября 2019, 24.kg

Париж келишими ратификацияланса, 9 миллион 600 доллар каражат бөлүнөт

Париж келишими ратификацияланса, 9 миллион 600 доллар каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда айтылды.

Комитет бүгүн «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргызстан тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам берилет. Келишим алкагында 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, анын ичинде 8 миллион доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу сатылып алынмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18