24.kg
11:41, 08 октября 2019, 24.kg

Орусияда кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ катталды

Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков билдирди.

Анын айтымында, мушташтын себеби- мурунку жердешинен өч алуу болгон. Мурунку кыргыз жараны Новосибирсктеги базарда иштеген ишкерлерден пара талап кылып келген.

«Уруш кечээ болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышты, арасында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар. Полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө, бир канча киши кармалды. Кыргызстандын жараны Орусиянын жарандыгын алгандан кийин өзүнүн мекендештеринен акча талап кылып жүргөн. Жабырлануучулар мурунку жердешинен өч алууну чечишкен. Алар шектүүнүн унаасын өрттөп жиберишти», -дейт Жаркынбай Тойтуков.

Эске салсак, «Интерфакс» орусиялык басылмасы окуя болгон жерде 200гө жакын киши болгонун жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18