24.kg
09:13, 08 октября 2019, 24.kg

Маңзат менен кармалган АКШлык жарандын кармалуу шартына нааразычылыгы жок

Маңзат менен кармалган АКШлык жарандын Оштогу тергөө абагында кармалуу шартына нааразычылыгы жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдан Оштогу № 5 тергөө абагына которулган Йии Дэниел Джеймстен арыз түшкөн эмес. Ал жалпы камерада кармалууда.

Кылмыш иштин экинчи фигуранты- АКШнын жараны Павел Девяткин үй камагына чыгарылган болчу. Анткени, Йии Дэниел Джеймс күнөөнү мойнуна алып, баңгизат өзүнө гана таандык экенин айткан.

Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин 19-сентябрда бир килограмм марихуана менен кармалышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18