24.kg
14:23, 07 октября 2019, 24.kg

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ноябрда белгиленет

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ноябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди. Уюштуруу милдети өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн.

Министрдин айтымында, маарекеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт.

Депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин айтты.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18