24.kg
13:51, 07 октября 2019, 24.kg

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга каршы рейд жүргүзүлдү

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, рейд Чолпон-Ата шаарынан Балыкчы шаарына чейин камтыды.

«Иш-чаранын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган тургуну үйлөтмө балон кайыкта мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. Кайыгынан Ысык-Көлдүн 17 даана чебачек балыгы табылды. Жеринен протокол түзүлүп, миң сом айып, 5 миң 151 сом доо коюлду», -деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынан узундугу 2 чакырымга жакын 30 даана кытайдын торлору чечилип, көл үстүнөн тазаланды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18