24.kg
12:21, 07 октября 2019, 24.kg

Азимбек Бекназаров: Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарыш керек

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди тергөө абагынан үй камагына кое бериш керек. Бул тууралуу маалымат жыйында мурунку башы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушкан маалында, Азимбек Бекназаров мурунку президентти кое берүү сунушун киргизген.

«Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгем. Кантсе да ал биздин мурунку президентибиз. Анын ордун үй камагына алмаштырып, «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы дачасына киргизүү керек. Ал жак ар дайым кароолдо турат, эч ким кире албайт», -деди Азимбек Бекназаров.

Ал убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы аны колдобогонун кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18