24.kg
10:57, 07 октября 2019, 24.kg

Каракчылык менен кол салууга шектелген жаран милицияга каршылык көрсөттү

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген жаран милицияга каршылык көрсөттү. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен И.С. аттуу жаран кайрылган. Ал кавказ улутундагы белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү арыз ээсин батирде кармап, токмоктоп, өлтүр деп коркутуп 3 миң долларын уурдап кеткен.

«Милиция батирдин дарегин аныктап, анда тинтүү жүргүзүштү. Шектүү милицияга бычак менен тап берип каршылык көрсөткөн. Тартип сакчылары аны убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ал эми батирден бычак, ок атуучу курал жана маңзат табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18