24.kg
14:12, 07 октября 2019, 24.kg

Депутаттын уулунун тою. Атамбаев, Текебаев, Бабанов жана кимдерди бириктирди?

Жекшемби күнү Бишкек шаарындагы «Консул» ресторанында Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдын уулу Нурсултандын үйлөнүү үлпөт тою өттү.

Photo 138373

Депутаттын уулу чет өлкөдө окуп келген. Ал жогорку билимди Нидерландада, Англияда алган. АКШдагы NetApp.Inc ишканасында иштеп жатканы маалымдалган. Депутатка Ажара аттуу кыз келин болду. Кудасынын саясатка тиешеси жок, Талас облусунда жергиликтүү интелегенциянын өкүлдөрү экендиги айтылат.

Тойго 800 адам чакырылган. Алардын көпчүлүгү Руслан Казакбаевдин өзүнүн кесиптештери — парламент депутаттары, мурдакы аткаминерлер, саясатчылар жана илимпоздор болушту.

Тойдо жаш жубайлар эмес, ар кандай саясый көз-караштагы адамдардын топтолуп, бир стөлгө олтуруп, чогуу сүрөткө түшүшү кызуу талкуу жаратты.

Белгилей кетсек, Руслан Казакбаев «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакын досу, парламенттеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын мурдакы лидери.

Photo 138323

Тойго мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү да чакырылган. Алмазбек Атамбаевдин кезинде Өмүрбек Бабанов каршы кылмыш иши козголуп, ал өлкөдөн чыгып кетип, быйыл гана кайра кайтып келди.

Тойдун дагы бир коногу — «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2012-жылы өлкөнүн премьер-миистри түрк ишкеринен кымбат балуу тулпарды белекке алганын айтып, пара алууга айыптап чыккан. Ал өкмөт башчысы — Өмүрбек Бабанов кызматтан кетип, кийин тулпарды Ысык-Көлдөгү атканага тартуулаган.

Photo 138324

Белгилүү коноктордун арасында убактылуу өкмөттүн мүчөсу Азимбек Бекназаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18