24.kg
10:19, 07 октября 2019, 24.kg

Прокурордун өлүмү. Сотко башкы прокурор чакырылган, бирок ал келбей жатат

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурорунун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда. 

Айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкованын айтымында, төрагалык кылып жаткан судья Жолборс Кудаяров калган 70тен ашуун күбөнү жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду суракка алуудан баш тартып жатат. Соттолуучунун тарапташтары Өткүрбек Жамшитовго билдирме баракчасы 2 жолу жиберилгенин, бирок ал сотко келбей жатканын айтышты. Мелис Калыковдун жактоочулары аны мажбурлап алып келүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18