24.kg
12:19, 04 октября 2019, 24.kg

Жалал-Абад облусунда РЭСтин юристи пара алып жатканда кармалды

Жалал-Абад облусунда РЭСтин юристи пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Базар-Коргон районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал РЭСтин юристи электр энергиясы үчүн карыз болуп калгандыгына байланыштуу, соттук иш боюнча маселени чечип берем деп акча талап кылганын айткан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. «2-октябрда Базар-Коргон районунун РЭСинин юристи 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Сотко чейинки өндүрүш башталды», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18